автореферат диссертации по истории, специальность ВАК РФ 07.00.02
диссертация на тему:
Значение генеалогических преданий в изучении этнической истории кыргызского народа

  • Год: 2000
  • Автор научной работы: Жолдошов, Рыскул
  • Ученая cтепень: кандидата исторических наук
  • Место защиты диссертации: Бишкек
  • Код cпециальности ВАК: 07.00.02
Автореферат по истории на тему 'Значение генеалогических преданий в изучении этнической истории кыргызского народа'

Полный текст автореферата диссертации по теме "Значение генеалогических преданий в изучении этнической истории кыргызского народа"

кыргыз республ икасыьын РГО илфмдер улуттук академиясы

ТАРЫХ ИНСТИТУТУ

' I I I V 11 -

Кол жазма укугунда УДК 947(575.2) (043.3)

жолдошов РЫСКУЛ

кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдееде генеалогиялЫк

уламыштардын мааниси

Адистиги: 07.00.02. — Кыргызстандын тарыхы 07.00.07. — Этнология

Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу учу» жазылган диссертацияныи АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек — 2000

Диссертация Кыргыз Республпкасыиын Илимдер Улуттук Академия-сыпын Адабият жаиа керкем епер институтунуп Кол жазмалар жана жа-рыялоо, Тарых институтунуп Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кы-лымдын аягына чейинки тарыхы белумдерупде аткарылды.

Илимий жетекчиси: тарых илнмдериннн доктору, про-

фессор, Кыргыз Республпкасыиын илимине эмгек сициргеи ишмер КАРАЕВ вмуркул Караевич.

Расмий оппоненттер: тарых нлимдеришш доктору,

профессор БАКТЫГУЛОВ Ж. С. тарых нлимдеришш кандидаты еМУРБЕКОВ ч. к.

Жетектеачу мекеме: Бишкек гумаиитардык университетн-

инн Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультета.

Коргоо 2000-жылдын « > с? нАелс//-г ¿>0. саат /&^^Б)

Кыргыз Республпкасыиын Илимдер Улуттук Академиясыпын Тарых институтупа караштуу тарых нлимдеришш докторлук (кандидаттык) дис-сертацияларды коргоочу Д.07.00.99 Адистештирилген ксцештлп жыйылыи-да еткерулет.

Дареги: 720071, Бишкек ш., Чуй проспектиси, 265 а.

Диссертация менеи Кыргыз Республпкасыиын Илимдер Улуттук Академиясыпын Борбордук китепкапасында таанышеа болот.

Автореферат 2000-жылдын « 3 » /^УД/у г^,

таркатылди.

Адистештирилген кецсштин окумуштуу катчысы, тарых илимдеринни. доктору, профессор

И. Б. МОЛДОБЛЕВ

ИШТИН ЖАЛПЫ МУН03Д0М0СУ

Диссертациялык иште кыргыз элшши орто кылымдарда-гы этннкалык тарыхын талдоо учун негнзги булак катары генеалогиялык уламыштар найдалаиылып, алар турдуу та-рыхый булактар менен салыштырылып нликтенди. Анда тарых илимшшн эки тармагыиа тиешслуу аспектидегн нзил-деелер жургузулет. Биринчнсинде орто кылымдардагы этннкалык маселелерди камтыган тарыхый окуялар каралса, аларды ачып беруу учун нсгизги булактык кызмат етеген генеалогиялык уламыштарды илнктее — экнпчи багыттагы этнологиялык нзнлдеену тузет. Ошондуктан пштп жалпысы-нан тарыхый-этнологиялык нзнлдев деп мунездвегв болот.

Теманын актуалдуулугу. Кыргыз элншш этннкалык тарыхын изилдее — кыргыз тарыхында гана эмсс, жалпы турко-логня илимиидеги при проблсмалардын бнрн. Илимднн бул тармагында кентвгвн керунуктуу окумуштуулар изилдевлер-ду жургузгвну менен, али да талаш суроолор арбын. Андагы бир катар чсчуучу маселелер боюнча бирдиктуу пнкнр жок. Аларды тактоодогу башкы кыйынчылык орто кылымдагы кыргыз элиннн тарыхын маалымдаган жазма даректерднн аз-дыгына, ошоидой эле архсологнялык, этнологиялык, фольк-лордук, лннгвистикалык материалдардын толук иштелип чык-пагандыгына бапланышкан. Белгнлуу болгондой, кыргыз элн тарыхый жазмаларды калтырбаган, бирок вте бай оозекн тарыхый билимди кийинки муундарга мурастаган. Тарыхый булактардын тартыштыгы орто кылымдагы кыргыз тарыхын нзилдееге элдик оозекн маалыматтарды пайдалануу зарыл-дыгын шарттайт. Бул жонунде белгнлуу нзилдовчулвр — ет-К0н тарыхында жазмалары сакталбаган же жазмага жаны жеткен элдердни тарыхын изнлдеодв элдпк оозекн тарыхый маалыматтар булак катары зор мааниге ээ болорун белгиле-шип, аларды пайдаланбай туруп этннкалык тарыхка илимнй нликтео жургузуу мумкун эмее экендигин баса кврсотушкен Адис изилдввчулердун бул коз караштары орто кылымдагы жазма булактарга жарды кыргыз элинин этннкалык тарыхын тактоодо элдик оозекн маалыматтарды, анын нчинде генеалогиялык уламыштарды да ар тараптан изилдеп, тарыхый-этнологиялык маанилуу булак катары изилдее иштерине пайдалануунун актуалдуулугун аныктайт. Мындай изилдвв-

1 Абрамзон С. М., Потапов Л. П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории: (На материале тюркоязычных кочевников) ¡I Con. этнография. — 1975. — № 6. — 29—30-6.

лерден алынган жыйынтыктар жазма булактарда сейрек жо-луккан маалыматтарга туура илимий интерпретация жургу-зуугв квмвк керсетвт.

Изилдеонун максаты жана милдеттери. Диссертациялык иштин негизги максаты — генеалогиялык уламыштардын бу-лактык мумкуичулуктеруп ачуу жана аларды кыргыз элинин этникалык тарыхындагы проблемаларды чечуугв колдонуу болуп эсептелет. Бул максатка жетуу учун твмендвгудей милдеттер коюлду:

— генеалогиялык уламыштардын кыргыз тарыхы или-миндеги ордуп аныктоо;

— кыргыздардын келип чыгышы жвнундвгу уламыштар-ды классификацияга алуу жана алардын ичинен байыркы тушунуктердун негизинде жаралган элдик эски уламыштар-ды белуп чыгаруу;

— .иргелген уламыштардын алгачкы башатын, жаралуу доорун тактоо;

— генеалогиялык уламыштардагы маалыматтарды тары-хый булактардагы фактыларга салыштырып изилдев менен, кыргыз элинин тупку тегин жана этногенетикалык байла-ныштарынын изин ачып беруу.

Коргоого сунушталган гипотезалар. Генеалогиялык ула-мыштарды нликтве — кепт&гвн кврунуктуу окумуштуулардын кыргыз элинин тупку теги, байыркы кыргыздар менен этногенетикалык байланышта тургандыгын кергезген илимий ги-потезаларынын тууралыгын дагы бир жолу аныктады. Ушуга байланыштуу твмендвгудей гипотезалар коргоого коюлат:

— элдик этногенетикалык уламыштардын взвгу кыргыз элинин тарыхындагы окуялардын базасында пайда болгон;

— оозеки уламыштар турдуу тарыхый доорлордо жаралган. Алардын арасында байыркы мезгилден бери айтылып келген уламыштар жолугат;

— кыргыз элиндеги байыркы уламыштардын жаралуу доору — орто кылымда Борбордук Азияны мекендеген уруу-лардын генеалогиялык тушунуктвру менен байланышат;

— уламыштык материалдар боюнча кыргыз этносунун калыптануу процессине катышкан этникалык компонентте-ршшн бирин орто кылымдагы кыргыз уруулары тузвт;

— генеалогиялык уламыштарда кыргыз элине тектеш жана аларга аймакташ жашаган этностор менен болгон этно-маданий карым-катнаштардын изи чагылдырылат.

Изилдвенун географиялык жана хронологиялык алкагы. Диссертацияда Туштук Сибирден Тенир-Тоого чейинки географиялык аймакта болуп втквн, кыргыз элинин орто кылым-

дардагы этиогенезиие жана этногснетикалык байлаиышта-рыиа тиешелуу тарыхый процссстер чагылдырылган генеало-гиялык уламыштардагы маалыматтар изнлденди.

Изилдвонун илимий жацычылдыгы. Аткарылгаи эмгекте, кыргыз тарыхнаамасында бнринчи жолу генсалогиялык ула-мыштарга диссертациялык нштип децгээлинде изилдев жур-гузулуп, алардагы маалыматтар кыргыз элишш этникалык тарыхын тактоого колдонулду. Изилдеедегу негизги илимий жацычылдыктар катары твменкулерду белгилеегв болот:

— кыргыз элишш этногснетикалык уламыштары алгач прет комилекстуу изилдееге алынып, булактык мумкунчулук-твру ачылды жана алардагы этпогониялык .маалыматтар илимий айлампага киргизнлди;

— кыргыз элишш келип чыгышы жвнундвгу уламыштарга илимий классифнкациялоо жургузулуп, езвктук маанилери боюича он туркумгв ажыратылды. Ар бир туркумгв кирген уламыштык топтордуп пайда болуу жана оозеки маалымат-тарга кируу жолдору иликтеидн. Алардыи арасыпда бир нече кылымдардан бери аитылып келгеи байыркы уламыштар бар экепдиги аиыкталды;

— иргелген байыркы уламыштык мотивдердин жаралышы орто кылымда Борбордук Азияны мекеидегеп турк тилдуу уруулардын генеалогиялык тушуиуктеру менеп байланыц'-каидыгы ырасталды;

— изилдееде алгачкы жолу «кырк кыз» уламышындагы негизги мотивдер орто кылымдардагы кыргыз урууларыиын гсисалогиялык жана тотемдик кез караштарыиаи жаралган-дыгы далплденип, башка булактар аркалуу белгилуу болгон байыркы жана азыркы кыргыздардыи ортосундагы этиогене-тикалык байланыштардын изи, уламыштык маалыматтар боюнча да толукталды;

— генеалогиялык уламыштарда кыргыз элине тектеш жана аларга аймакташ жашаган этностор менеп болгои этно-маданий байланыиггарды кабарлаган фактылар бар экенди-ги такталды.

Диссертациялык иштии илимий-практикалык мааниси.

Диссертацияны кыргыз элшшп орто кылымдардагы этникалык тарыхына кызыккан жана булак таануучулук иликтее-лерду жургузгвн окумуштуулар илимий адабият катары пай-даланса болот. Аидагы тыянактар келечектеги изилдвечу-лердун илнмий-теориялык базасын естурууГ0 салым кошот. Изилдев материалдары Кыргызстандын тарыхы боюнча жал-пылоочу эмгектердн жазууда, жогорку жана орто окуу жай-ларындагы Ата-мекенднн тарыхы сабагына окуу куралдарын

тузууде, дарстарды, семинарларды, атайын курстарды уюш-тУРУУДа практнкалык кемек керсетет.

Изилдоенун апробациядан втушу. Диссертациялык нштии негизги жоболору жана жыйынтыктары твмвнку илимий форумдарда апробацияланды: С. Орозбак уулуиун 125 жыл-дык маарекесине арналган илимий-практикалык конференция (октябрь 1992, Бишкек), «Манас» зпосу жана дуйне эл-деринин эпикалык мурасы» Эл аралык симпозиум (август 1995, Бишкек), «Кыргызстан — биздин Ата-мекен» илимий-практикалык конференция (июнь, 1996, Бишкек), «Сорос-Кыргызстан» фонду уюштурган «Гуманитарные науки без идеологии: методология конференции открытого общества» Эл аралык илимий семинар (декабрь 1996, Бишкек), «Шаб-дан баатыр жана анын кыргыз тарыхындагы орду» илимий-практикалык конференция (апрель 1998, Кемин р-ну, Алты-мыш айылы), «Турки еркениети: тарихы, бугинги жагдайы жане болашагы» Эл аралык конференция (май 1998, Алма-ты), «Кыргызстандын азыркы коомдук турмушу жана та-рыхый традициялары» илимий-практикалык конференция (декабрь 1998, Бишкек), «Улуу жибек жолу жана азыркы учур» илимий-теориялык конференция (май 1999, Бишкек), «Турк-стандагы Караханилерге 1000 жыл» Эл аралык конференция (июнь 1999, 'Бишкек). Шабдан баатырдын 160 жылдык маарекесине арналган Эл аралык конференция (август 1999, Бишкек) жана Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналган «Ош жана Фергана тарыхый келечекте» Эл аралык конференция (сентябрь 1999, Бишкек).

Диссертация Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук Академиясыпын Тарых институтундагы Кыргызстандын ба-йыркы мезгилден XIX кылымдын аягына чейинки тарыхы жана Археология-этнология белумдерунун биргелешип етке-рулген жыйынындагы (14-декабрь, 1999) талкууда жакты-рылып, коргоого сунушталды.

Проблеманын изилдениш децгээли. Кыргыз элинин этни-калык тарыхын тактоодо генеалогиялык уламыштарга атайын изилдеелер жургузулбесе дагы, алар тарых булагы катары кoллoнvлvп келген. XIX кылымдагы орус ориенталисттери Ч. Ч. Валиханов, М. И. Венюков, А. И. Бардашев, А. Голубев, Г. С. Загряжский, В. В. Радлов, В. Наливкин, А. Ф. Кос-тенко, Н. И. Гродеков, А. А. Аристов, А. Диваев, Н. Ф. Ситня-ковский жана башкалар чогулткан элдик оозеки материал-дардын арасында квптвгвн генеалогиялык уламыштар кезде-шет. Булардын ичинеи кыргыз генеалогиялык уламыштарын изилдеген биринчн окумуштуу катары Ч. Ч. Валихановду

эсептесе болот. Анын 1861-жылы жарыяланган «Очерки Джунгарии» макаласында жана кыргыз элипин оозеки маалымат-тарын камтыган келемдуу кол жазмасында «кырк кыз» ула-мышыи орто кылымдагы турк-монгол кечмендерунун ула-мыштык мотивдери менеп салыштырып, жаралыш теги боюнча «ете байыркы» уламыш экеидигин керсеткен. Ч. Ч. Валихановдун уламыштык маалыматтарды тарыхый бу-лак катары пайдалануусунун пегизииде, кыргыз эли Тецир-Тоону XVIII кылымга чеГиш эле мекеидегеидппш далилдеши, ез мезгилинде зор илимий жацылык болгон. Н. А. Аристов-дун изилдеесунде кыргыз уламыштары, уруулук этнонимдер менен тамгалары кецири колдонулган. Анын макалалары кыргыз элинин этннкалык тарыхый изилдеедегу иегизги бу-лактардын катарыпда турат. XIX—XX кылымдардын аралы-гыидагы алгачкы кыргыз тарыхчылары О. Сыдыков, Б. Сол-тоноев, Ы. Абдырахманов жана башкалардын эмгектери кыргыз санжырасынын базасында ищтелген.

Совет мезгилиидеги Г. Е. Грумм-Гржимайло, А. Сыдыков, Б. Жамгерчинов, С. Ильясов, А. Хасаиов, К- И. Петров, 0. Караев ж. б. тарыхчылардын эмгектеринде генеалогия-лык уламыштар тузден-туз изилденбегени менен, алардагы айрым элементтер булак катары колдонулат. Мындан квру-нуш кытайлык кыргыз тарыхчысы А. Байтурдун чыгармала-рына да мунездуу. 1950-жылдары СССР Илимдер Академия-сы уюштурган кыргыз археологиялык-этнографиялык экспеди-цияларыиын натыйжасында, ресиубликанын аймагындагы уруу-уруктардьш этникалык структурасы, алардын жайга-шуусу жана кептеген гепеалогиялык маалыматтар жыйнал-гаи. Экспедициянын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туштук аймагындагы уруу-уруктардьш жайгашуусу жана алардын гепеалогиялык тузулушу тууралуу жазылган мака-ланы Я. Р. Винников, ал эми Тундук Кыргызстандыгы кыр-гыздардын этникалык курамы женундегу макаланы С. М. Аб-рамзон иштеп чыгышкан.

С. М. Абрамзондун бир катар илимий макалаларында жана анын жыйынтыктоочу эмгеги болгон «Киргизы и их эт-ногенетические и историко-культурные связи» деген моногра-фиясында гепеалогиялык уламыштарды тарых булагы катары пайдалануунун илимий-теориялык базасы негизделген. И. Б. Молдобасвдин изилдеелерунде башкы тарыхый булак катары элдик эпостордогу, езгечв «Манас» эпосундагы этно-логиялык маалыматтар колдонулат. Эгемендуулук мезгилинде кыргыз санжырасына жана андагы элдик уламыштарга анализ жасоого арналган алгачкы эмгекти С. А. Аттокуров жа-

рыялады. Бул эмгекте жалпы кыргыз санжырасы топтошту-рулуп, аларды айтуучулар менен чогултуучулардын квз ка-раштары талдоого алынат. А. М. Мокеевдин булак таапуучу-лук мунездегу эмгектерн жазма булактарды изилдееге арпалган. Бнрок, аларды иликтведе автор оозеки генеалогия-лык билднруулерге кайрылып, кыргыз элинин келип чыгы-шына байланышкан айрым элднк уламыштардын деталдары-на плпмни тактоолорду киргизген. Акыркы жылдары карал-ган проблемага тиешелуу макалаларды М. Кожобеков, О. Каратаев, Т. Асанов, Г. Салк ж. б. жазышты.

Изилдоенун булактык негизин жалпысынаи эки чон, топко бирнктируугв болот. Биринчисине оозеки уламыштарда кез-дешкен этнологиялык маалыматтар, экинчисине орто кылым-дагы кыргыз элшпш тарыхына байланышкан жазма булак-тар кирет. Биринчи топтогу булактар ич-ара уч бутакка бе-луиет. 1-элдик оозеки ыаалыматтарды чогултушкап алгачкы изилдеечу-жыйноочулардьш (М: Ч. Валихапов, А. Диваев, Н. А. Аристов, О. Сыдыков, Б. Солтоноев ж. б.) жарык кер-ген эмгектерипдегп генеалогнялык даректер. 2-Кыргыз Рес-публикасынын Илимдер Улуттук академиясынын Кол жаз-малар фондусундагы 1920-жылдардан тарта чогултулган эл-дик оозеки материалдар. Алардын ичииеи генеалогнялык ула-мыштар женундо Умет молдо, К. Мифтаков, Б. Солтоноев, Ы. Абдырахманов, Б. Сазанов, А. Чоробаев, М. Т. Айтбаев, Г. Нуров ж. б. жыйнашкап кол жазмаларды жана Т. Молдо, А. Термечнков, Т. Алымбеков, М. Байгарннов, С. Жумабаев, Н. Беембаев, А. Укаев ж. б. айтуучулардын санжыраларын белгилеаге болот. 3-1890—95-жылдардын аралыгында нли-мий экспедиция жана команднровкаларда диссертант тара-бынан жыиналган маалыматтар.

Экпнчи топтогу булактарды орто кылымдардагы автор-лордун кыргыз элинин тарыхына тиешелуу эмгектеринин орус, кыргыз, езбек, казак тилдерине которулган котормоло-ру жана алардан алынган узундулер тузет. Мындан сыртка-ры кошумча булак катары археологиялык, лингвистикалык, медициналык айрым фактылар жана элдик эпостордогу даректер пайдаланылды.

Диссертациялык иштин тузулушу кпрпш сез, тарыхнаама, эки бап жана кортуидудап туруп 149 баракты тузет. Шарт-туу кыскартылган сездердун, колдонулган булактардын, ада-бняттардын жана информаторлордун тизмеси менен жалпы келему 189 бет.

ИШТИН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Кириш сездв теманын актуалдуулугу, нзплдевнун максаты жана милдеттерн аныкталды. Диссертациянын илимий жацы-чылдыгы, илимий-практикалык мааннси керсетулуп, пробле-манын изилдениш децгээли жана булактык негиздери тал-доого алынды.

Биринчи бап «Кыргыздардын кслпп чыгышы тууралуу ула-мыштар. Алардын классификациясы» деп аталып, эки пара-графтап турат. Биринчи параграфта генеалогиялык уламыш-тардын кыргыз тарыхы илиминдегн ордун тактоо боюпча маселелср каралды. Бул багыттан алганда дуйнелук тарых илиминде элдик уламыштарды пайдалануу салты байыркы тарыхчылардын замаиынан бери эле колдонулуи келген. Кийинки мезгилдерде кептвгеи элдердпн, езгечв тарыхый жазмалары болбогон же сакталып калбаган этностордуп эт-никалык тарыхый, этногенетикалык жана этномаданий байла-ныштарын изилдеедв элдик генеалогиялык уламыштарды илимий анлампага киргизуу кецири жолго коюлган. Бирок, кыргыз тарыхында генеалогиялык уламыштарды найдалануу боюнча айрым аракеттер жургузулсе дагы, аларды изилдее-нун илимий ыкмалары толук иштелип чыгарылбаган.

Кыргыз элинде тарыхый окуяларды баяндагаи оозеки бил-дируулвр «Санжыра» деп аталат жана квпчулук учурда генеалогиялык уламыш маанисинде да колдонула берет. Бирок илимде уламыш фольклордук взунчв жанр катары бвлунуп каралат. Ал эмн санжыра болсо уламыштык билдируулвр менен чектелбестен, андан алда канча кенен маа-лыматтарды камтыйт. Анда кыргыз элинин жана уруу-уруктарынын тарыхы, уруулук тармактары менен коомдук уюмдары, тарыхый окуялар, белгилуу инсандар тууралуу маалыматтар, этномаданий байланыштар, генеалогиялык таблицалар л<. б. кептвгвн тушунуктер баяндалат. Ошондук-тан санжыраны «генеалогия» термини менен которуу, анын толук маанисин ачып бере албастыгы Р. Кузеев сыяктуу ири окумуштуулар тарабынан белгиленген. С. М. Абрамзон менен Л. П. Потапов санжырага карата «элдик этногония» деген терминди колдонушкан. Ушул себептен бул параграфта кыргыз санжырасы—элдик тарыхый билим (этногония) катары кабыл алынып, андагы кыргыз элинин жаралуу тарыхына байланышкан жана сюжеттуу окуялар менен камтылган ула-мыштар салыштырмалуу турде, ез алдынча генеалогиялык уламыштар деп аталды. Ошондой эле керсетулген уламыштык маалыматтарга илимде колдонулган айрым методикалык

ыкмалар боюнча иликтее иштери жургузулуп, алардын кээ бир сапаттары аныкталды. Аларга кыргыз уламышгарында-гы маалыматтардып салыштырма туруктуулугу, кеп катмар-дан турушу, фольклордук керкемдве каражаттарынын кол-доиулушу ж.б.у.с. мунездуу. Буларга кыргыздардын генеа-логиялык уламыштарьшда тарыхый реалдуулукту чагылды-руу мезгнлдсринин хронологнялык алкактарга белуштуруу мумкунчулугунун болушу жаиа оозеки уламыштар менен жазма китентердегн маалыматтардын бнрн-бирине тийгизген таасирлери сыяктуу езгечелуктеру кошулат. Ошону менен бпргс уламыштардып коомдук ац-сезимдин туундусу катары саяспй, социалдык, маданий ж.б. кырдаалдарга карата езге-руулерун эске алуу менен, аларды башка булактык факты-ларга салыштырып изилдеенун натыйжасында гана тарыхый-этнологиялык булак катары пайдаланууга болот. Мындай пликтеелердуп жыйынтыгында кыргыз элнннн орто кылым-дагы тарыхын, взгече этникалык жана маданий байланышта-рып ачып беруудв генеалогиялык уламыштардып езегундэгу маалыматтар мааннлуу булактык милдетти етееру такталды.

Экннчи параграфта «Кыргыздардын этникалык башаты женундегу элдик уламыштардып туркумдеру» деген маселе каралды. Кыргыз элинин келип чыгышы женундегу уламыш-тарды кыргыз тарыхы илимппде алгачкы жолу туркумдерге (классификациялоо) белуштуруу иши жургузулуп, жыйынтыгында уламыштар езектук маанилерине карай он топко ажыратылды жана алардын пайда болуу процесси иликтеп-ди. 1) «Кырк кыз» уламыштар цикли. 2) Санжыралык салтуу уламыштар. 3) Санжыралык салттуу уламыштардып ислам-дашкан турмэктеру. 4) Кыргыз элин Турк-атадан («Угуз-хан») тараткап уламыштар. 5) «Кыргыз» этнонимии чечме-лвэгв байлапышкан уламыштар. 6) «Кырк уруу кыргыз» ула-мышы. 7) Кыргыздардын келип чыгышын эпикалык каарман-дар менен байлапыштырган уламыштар. 8) Кыргыз элинин аты байыркы мезгилдеги «кыргыз» дегеп элдин атыиан пайда болгондугу жвнупде уламыш. 9) Тарыхый китептердин тааснрнпдегп уламыштар. 10) Бэлунген туркумдерге кирбе-ген уламыштар.

«Кырк кыз» уламыштар тобунун езегунде кыргыз элинин ислам дшшпс чейники кез караштарын чагылдырган, мифо-этникалык мазмупдагы мотивдер турат. Аларды байыркы коомдогу генеалогиялык тушунуктердун калдыгы катары баа-лоого болот. Санжыралык салттуу уламыштар тобунда кыргыз элинин келип чыгышы — патриархалдык традицияга негиз-делген кыргыз санжырасынын принциитерине ылайык, тупку

бир атадан таратылып керсетулет. Булар «кырк кыз» уламы-шы же ошого окшогон эски уламыштык мотивдер менен чум-беттэлген «кыргыз» этнонимине байланышып, жалпы элдин аты Кыргыз (Кыргыз бай, Кыргыз-хан) деген легендалуу туп-ку атанын денгээлине жеткирилет. Уламыштардын ислам-дашкан турмегу кыргыз элннин ислам динпн кабыл алышы меиен, алардын коомдук ой жугуртуулеруне диний жоболор-дун киргендигинен пайда болгон. Санжыралардагы кыргыз-дарды Гурк-атадан же Угуз-хапдан тараткан уламыштар, ор-то кылымдагы мусулмаи авторлорунун чыгармаларындагы маалыматтардын таасиринде жаралган. Себеби, байыркы ту-шунукту камтыган кыргыз элинин жаралыш теги женундегу эски уламыштардын ислам дининин жоболоруна шайкеш кел-бей калгандыгыпа жана алардын коомдук кийинки кез ка-раштарда шылдыц иретинде иитерпретацияланган формасы-на ыза болгон кыргыз екулдеру элдин тарыхын тактоо учун мусулмаи авторлорунун эмгектерине кайрылышкан. Аларда турк элдерипин таралышы, керсетулген уламыштардагыдай жазылган фактылар учурайг. Бешинчи топтогу элдин башатын «кыргыз» этнонимии чечмелее аркасында тушундурууге ара-кеттенген уламыштар, жогоркудай эле абалдын негизинде ке-лип чыккан. Алар «кыргыз» этпониминин этимологиясын «кыр-кез», «кырогуз», «кыркыр» ж.б. турду сез айкаштары аркалуу чечмелегеи элдик комментарийлер болуп, салыштырмалуу кийинки убакта жаралган. «Кырк уруу кыргыз» уламышынын тупку теги мифтик, легендалык тушупуктерге негизделген «кырк кыз» уламышына жакын туруп, аларда кырк кыздын тукуму кырк урууга апланат. Кыргыз элинин келип чыгышьш эпикалык каармандар менен байланыштырган уламыштар — салттуу генеалогиядагы эски уламыштык мотивдердин элдин талабына жооп бербей калышы менен, аларды жацылоодо элдин башатын етв белгилуу «Манас» эпосунан издееге негизделген. Кыргыз элинин аты байыркы мезгилдеги элдин атынан пайда болгондугу женундегу уламыштагы маалымат, элдин эсинен чыккан уламыштардын калдыгы катары баала-нат. Тогузунчу топко бириктирилген тарых китептеринин таа-сириндеги уламыштардын тамыры эки катмардан турат. Алар биринчи катмардагы традициялуу элдик уламыштарга, или-мий китептердеги маалыматтардын негизинде жакынкы ара-лыктарда гана уламыштык мотивдерге айланган экинчи кат-мардын аралашууларынан тузулгеи. Акырында, белунген туркумдерге кирбеген уламыштарга эл арасында кецири та-рабаган, анча белгилуу эмес же женекей тушундурмелерден турган уламыштар топтолду. Классифпкацияланган уламыш-

тык топтордун арасынан байыркы мезгилден бери айтылып келгеп уламыштарды апыктоо ишишш негизинде, кыргыз элине кецири жайылган «кырк кыз» жана «Угуз-хан» ула-мыштары иргелип алынды. Себеби булар жалан, гана оозеки маалыматтарда жолукпастан, алардын айрым варнанттары орто кылымдардагы тарых булактарында жазылып калган-дыгы негизги керсеткучтердун бири болду.

Экинчи бап «Генеалогиялык уламыштардагы кыргыз эли-нин байыркы теги» деп аталып, кыргыз элинин башаты жана этногенегикалык байланыштары уламыштык маалыматтар-дын негизинде талданды. Бул белум да эки параграфка ажы-ратылган. «Элднк уламыштардын генезиси» деп аталган би-риичи параграфта байыркы мезгилдеги фольклордук традиция менен байланышкан эски уламыштык топ катары иргелип алынган «Угуз-хан» жана «кырк кыз» уламыштарынын пайда болуу нроцесси иликтеегв алынды.

Кыргыз элинин келип чыгышын байыркы огуз уруулары менен байланыштырган «Угуз-хан» уламышынын айрым ва-рианттык элементтери орто кылымдардагы араб-перс автор-лорунун эмгектеринде кезедешет. Анын эц алгачкы версиясы XI кылымда жазылган Гардизшшн «Зайн ал-ахбар» чыгар-масында баяндалат. Андан кийинки маалыматтар XVI кылым-дагы Аксикентинин «Маджму ат-таварих» жана XVII кылым-га таандык Абул-газы хандын «Шаджара-йи турк» тарыхый жазмаларында эскерилет. Бул уламыштык мотнвдин орто кылымдагы тарыхый жазмаларга ошол мезгилдеги турк тил-дуу уруулардын оозеки айтылган уламыштарынын негизинде киргендигин керсеткен фактылар учурайт. Алсак, перс тилин-де жазган Гардизинин уламышындагы кыргыз уруусунун туп-ку атасынын алгачкы аты иттин эмчегин эмгендиги учун «Эмке» деп аталган деген баяны, бул ат турк тилиндеги «эмуучу» деген сезден чыккандыгын керсетушу менен, ула-мыштын негизги мазмуну турк урууларынан алынгандыгы баамдалат. XVI кылымдын эстелиги «Маджму ат-таварихте-ги» кыргыз элин огуз уруулары менен байланыштырган генеалогиялык маалыматты, ошол заманда ислам дининин кез караштарына жооп бербеген «кырк кыз» уламышынын езгер-тулген варианты деп айтууга болот. Анткени Аксикентинин кыргыздар согуштан аман калып, Кожент тоолоруна жашын-ган «кырк гыздан», башкача айтканда огуздардын кырк ада-мынан тараган деген тушундурмесунуи аталышы, «кырк кыз» уламышынын атынан келип чыккандыгы жецил эле байкалат. Экинчиден, ал жазмада кыргыз элинин тупку атасы

Ана-л-Хакк (Аналхак) дсп берилиши, «кырк кыз» уламышы-нын «Аналхак» варианты» толугу менен кайталайт. «Маджму ат-таварихте» «кырк кыз» уламышы езгертулуп берилиш мумкунчулугун, анын авторумун заманында кыргыз элинин бул уламышы кецири белгнлуу болгондугу керсетет. Себеби, Л У—XVI кылымдарда «Маджму ат-таварихтен» белек му-сулман булактарында «кырк кыз» уламышынын бир нече варианты жазылып калган. Мындай фактылар орто кылым-дык жазмаларга кыргыздарды жалпы турк же огуз уруулары менен байланыштырган генеалогиялык уламыштар, турк кеч-мендерунун оозеки айтылган уламыш-тушунуктерунуи ар турдууче езгврулген формалары аркалуу киргендигин далил-дейт жана алар кыргыз элинин огуз-турк уруулары менен болгон этногепетикалык карым-катнаштарын чагылдырат. Ал эми кнйинки мезгилдеги кыргыз санжырасына бул байыр-кы уламыштагы мотивдер орто кылымдардагы жазма маа-лыматтар аркалуу келии жеткен.

«Кырк кыз» уламышынын алгачкы верснялары XIV кы-лымга таандык кытай булагы «Юань-шиде» жана XV—XVI кылымдардагы мусулмап авторлорунун «Шаджарат ал-ат-рак», «Раузат ас-сафа», «Бадайи ат-таварнх» эмгектеринде жолугат. Уламыштын тупку езегу байыркы мезгилдеги турк урууларынын мифтик-тотемдик тушунуктерунэн жаралган. Анын мазмуну негизинен эки башкы уламыштык мотивден туруп, ете байыркылыгы менен езгечеленет. Биринчн мотив-ди байыркы замандагы уруулардын айбанатка (итке) болгон тотемдик квз караштары тузсе, экинчисин ошондой эле байыркы, аялдарга жасалган культтук, б. а. матрнархалдык мотив деп белгилееге болот. Мындай мотивдер байыркы усун, теле, турк жана кыргыз урууларынын тарых булактарында жа-зылган генеалогиялык уламыштарында учурашы, «кырк кыз» уламышынын генезиси, алар менен байланышта тургандыгын кубелейт. Алсак, «кырк кыз» уламышындагы кыргыз элинин жаралышып хандын кыздары менен тайган-итке байланыштырган мифологиялык мотив, кытай булактарында жазылган орто кылымдагы кыргыз урууларына тектеш жана алар менен аймакташ жашаган теле (тогузогуз) уруусунун келип чыгы-шы женундегу уламыш менен айкалышып турат. Анда теле уруусу хандвш кызы менен карышкырдан тарагандыгы баян-далат. Ал эми байыркы турктер карышкыр менен хунну ба-ласынан чыгарылат. Борбордук Азиядагы кечмендердун тупку тегин бул сыяктуу итке, карышкырга же башка жандык-тарга байланыштырган уламыштар орто кылымдагы бир катар жазма эстеликтерде жолугат. Алар «кырк кыз» уламы-

шынын алгачкы башаты байыркы квчмвн уруулардын генеа-логиялык традициялары менен биримдикте тургаидыгын квр-гезет. Салыштырып талдоо жургузгенде, кыргыз элмнде втв байыркы тушунуктердвн жаралган мотивдер жалан, гана «кырк кыз» уламышында эмсс, фольклордук башка маалы-маттарда дагы сакталгандыгы аныкталды. Мисалы, VII—VIII кылымдардагы турк-рун жазууларьшда эскерилген «Умай-эне», же болбосо алгачкы жолу б. з. башындагы окуяларда баяндалган «жай таш» (йада) женундегу миф сыяктуу, бир катар байыркы тушунуктер кыргыз фольклорунда XX кылым-га чейин айтылып келгендигн — «кырк кыз» уламышынын байыркылыгын толук ырастайт.

«Кырк кыз» уламышы боюнча этногенетикалык байланыш-тар» деп аталган эклнчи параграфта уламыштык маалымат-тар аркалуу кыргыз элиншг этннкалык тарыхына талдоо жа-салды. «Юань-шпдегп» «кырк кыз» уламышынын алгачкы версиясы орто кылымдардагы кыргыз урууларынан жазылып алынышы, кыргыз элннин тупку тегн алар менен байланыш-та тургаидыгын кврсегет. XI кылымда Г'ардизи жазып кал-тырган кыргыздардын жаралыш теги женундегу уламышта, алардын тупку атасынын ылакан аты «ит» («сак») деген сез-ден чыгып, «Саклаб» деп аталат. Себеби Саклаб кичинесинде сокур болуп, иттин кулагын кармап басын, анын суту менен чоцойгон. Кийин иттин кездерун алып, сокур болбой калат. Мындан «кырк кыз» уламышындагы тотемдик жаныбар — итке байланышкан мотив, туздвн-туз орто кылымдардагы кыргыздардын гепеалогиялык уламыштарындагы традиция-пын негизинде жаралгандыгын айтууга болот. Ошол эле Гардизинин уламышындагы кыргыздардын тупку атасынын иттин эмчегин эмгенднги женундегу тушунуктун калдыктары, азыркы кыргыз элпнии уламыштарында айрым уруу-уруктар-дын тупку аталары иттнн суту менен чоцойгондугун баянда-ган маалыматтардан керунет. Бул тушунук кыргыз элинде кичинекей балдар токтобосо атайыи колдонула турган ырым катары да, XX кылымга чейин келип жеткен. Бул сыяктуу тотемдик салттын издери кыргыздардын сары итти ыйык жапыбарлардын катарына кошкондуктары жана ит елгендв оозуна май салуу ж.б. ырым-жырымдарында жолугат. Орто кылымдагы кыргыздар женундегу уламыштарда итти тотемдик жаныбар иретинде керсэткен маалыматтарды археоло-гиялык табылгалар да бекемдейт. Минусин ереенунен X—XII кылымдарга таандык кыргыздардын ит менен кошо коюлган керустендеру табылган. Мындан сырткары байыркы кыргыздардын Енисей боюнда сакталып калган екулдеру катары

эсептелген, XVI—XVII кылымдардагы сибирлик кыргыздар-дьш ырым-жырымдарында итке жасалган культтук мамиле-лердин элементтери жолуккап. Мисалы алар ант бергенде итти боле чабышып, экн белуктун ортосунан етушкен. Айрым мезгнлде иттин ысык канын ичип касам кармашкан. (Ислам дининдегн адамдардын ыйык китеп «куранды» карман ант бергени менен салыштырыцыз). Бул фактылар «кырк кыз» уламышындагы башкы мотивдер байыркы кыргыздардын то-темднк-гспеалогиялык тушунугунвн па1"1да болгондугуп кер-сетуу мснсн, азыркы кыргыз элнннн этникалык башатында алардын тургандыгып ырастайт. Ошондуктан байыркы кыргыз уруусунун тарыхындагы кээ бир окуялар «кырк кыз» уламышында чагылган. Алсак, уламыштып айрым вариантын-дагы «ала эл» женундегу маалымат — орто кылымдарда кыр-гыздарга аралашып, аларга европеид тусполун бсрншкен «ала эл» алакчындарды (кытай жазмаларында «бома», «днн-лнн») туюнтушу ыктымал.

«Кырк кыз» уламышында кыргыз элнннн байыркы кыр-гыздардан башка этностор менен болгон этногснетнкалык байланыштарынын издери жолугат. Уламыштын кээ бир ва-рианттары XIX кылымда казак элинен жыйналгандыгы кыр-1ыз-казак элдеринин жалац эле коцшулаш жашагандыгынан эмес, алардын баштапкы тектештиги менен, ез ара этпогене-тпкалык байланыштарынан жаралгандыгын керсетушу мум-¡.'ун. Ссбебп бул элдердин курамында байыркы кыргыздарга тиешелуу этностук тонтордун болушу толук ыктымал. Ошон-дой эле Батыш Монголиядагы «хотон» же «бусурман» деп аталган чакан эгностун, ала-тоолук кыргыздардай эле езуле-рунун жаралыш тегин «кырк кыз» уламышы менен тушунду-рушу, алардын этногенетикалык байланышын кубелейт.

Корутундуда нзилдеенун негизгн тыянактары чыгарылды. Генеалогиялык уламьпнтарга тарыхый аспектндеги изилдее жургузууде кыргыз элнннн башаты байыркы кыргыз уруула-ры менен байланышта тургандыгы такталып, алар этностун калыптаиышына катышкан компоненттердин бирин тузееру аныкталды. Албетте, байыркы кыргыздардын этникалык про-цессте ээлеген ордун езгечелееге эч кандай зарылчылык жок. Бирок кыргыз элинин орто кылымдагы кыргыздар менен болгон этникалык байланышын иликтее татаал маселелердин бири болуп, кеп жылдар бою талаш пикирлерди жаратьш келе жаткандыгы менен белгилуу. Диссертациялык иштеги этнологиялык фактылар, изилдеечулердун басымдуу кепчу-лугу турдуу тарыхый булактар аркалуу байыркы жана азыркы кыргыздардын байланыштарьш аныктоого жасаган ара-

кеттерине кемекчу кызмат етейт. Экинчидем, изилдеенун жыйынтыктары генеалогиялык уламыштардын этникалык тарыхтагы проблемаларды чечууде тарыхый жана этноло-гиялык маанилуу булактардын бири катары кызмат етей тур-гандыгыи керсетту.

ДИССЕРТАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ БОЮНЧА ЖАРЫЯЛАНГАН ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАР

1. Тагай-бий тарыхый инсанбы?//Мурас.— 1991. — № 2.— Б. 23—24.

2. С. Орозбак уулу тарыхчы-санжырачы // Манасчылар — кыргыз элинин руханий инсандары.— Бишкек, 1993.— Б. 69—71.

3. Ормон-хан баяны // Кыргызстандын тарыхы боюнча мето-дикалык керсетмвлер жана программалык материалдар (I—XIX кк.). —Бишкек, 1994.— Б. 51—82.

4. Миф, мифология, этнография // Манас энциклопедиясы. — Бишкек, 1995.— Т. 2. — Б. 106—107; 375—377.

5. Кыргыз элинин генеалогиясы «Манас» эпосунда // «Манас» эпосу жана дуйнв элдеринин эпикалык мурасы: Эл аралык симпоз. тез. Бишкек ш., 27—28-авг. 1995-ж.— Бишкек, 1995.— Б. 33—35.

6. Могулистан доору кыргыз уламыштарында//Кыргызстан — наше Отечество: История взаимосвязей и упрочения единства народа Кыргызстана в современных условиях становления независимого государства. — Бишкек,

1997. — Б. 15—16.

7. Уруулук тузулуш жана этногенетикалык уламыштар // Фольклордуп жанрдык табиятындагы салттуулук жана жекечелик езгечелуктеру. — Бишкек, 1998. — Б. 123—135.

8. «Угуз-хан» этногенетикалык уламышында кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхынын чагылышы // Изучение древнего и средневекового Кыргызстана.—-Бишкек,

1998. — Вып. 1, —Б. 50—53.

9. Кыргыз этносаясий уюмундагы жалпы турк маданияты-нын белгилери // Каз. Мам. Ун-т хабаршысы. Тарых сер.: Бекмаханов окулары «Турки вркениети: тарихы, бугинги жагдайы жана болашагы» атты халыкаралык конф. мате-риалдары, Алматы ш., 21—23 мамыр 1998 ж.— 1998.— № 9. — Б. 74.

10. Нарын кыргыздарынын санжырасы//Нарын облусу: Энциклопедия. — Бишкек, 1998. — Б. 309—311.

11. Гспеалогиялык уламыштардын кыргыз тарыхындагы эт-номаданий проблсмаларын чсчуудегу мааннсн//Суверенный Кыргызстан: проблемы традиций и социальной целостности. — Бишкек, 1999. — Б. 50—63.

12. Оц канат жаиа сол канат этнодуалдык уруулук уюму// Новое о древнем и средневековом Кыргызстане. — Бишкек, 1999. — Вып. 2. — Б. 90—92.

РЕЗЮМЕ

ЖОЛДОШОВ РЫСКУЛ

«Кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдееде генеалогиялык уламыштардын мааниси»

Адистик: 07.00.02. — Кыргызстандын тарыхы;

07.00.07. — Этнология.

Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алууга изденип жазылтан диссертациянын АВТОРЕФЕРАТЫ (илимий жетекчиси: тарых илимдеринин доктору, профессор Караев Эмуркул). — Бишкек, 1999.— 18 б.

Бул эмгек оозекп генеалогиялык уламыштардын негизинде кыргыз элинин зтникалык тарыхын изгилдееге арналган. Эмгектс кыргыздардын келип чыгышы женундегу уламыштар ар тараптан талдоого алынып, кыргыз элинин этникалык процессии тактоодо алардын маанилуу тарыхый-этнологиялык каражат катары кызмат етеру кергезулет. Генеалогиялык уламыштардын езегундегу маалыматтар аркалуу кыргыздардын орто кылымдарда Борбордук Азияны мекендеген турк-кечмен, езгече байыркы кыргыз уруулары менен болгон этно-генетикалык байланыштары иликтенет.

Диссертация кыргыз тилинде жазылып, кириш сез, эки бап, корутунду жана колдонулган адабияттар менен булак-тардын, ошондой эле информаторлордун тизмесинен турат.

РЕЗЮМЕ

жолдошов рыскул

«Значение генеалогических преданий в изучении этнической истории кыргызского народа»

Специальность: 07.00.02. — История Кыргызстана 07.00.07. — Этнология

Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата исторических наук (научный руководитель: доктор исторических наук, профессор Караев Омуркул). — Бишкек, 1999, 18 стр.

Настоящая работа посвящена изучению этнической истории кыргызского народа на основе генеалогических преданий. Автором подвергаются всестороннему анализу предания о происхождении кыргызов, раскрываются их значения как исто-рико-этнографический источник в изучении этногенеза кыргызского народа. Посредством сведений, содержащихся в генеалогических преданиях исследуются этногенетические связи кыргызов с тюрками-кочевниками, обитавших в Центральной Азии в средние века, особенно с древними кыргызскими племенами.

Диссертация написана на кыргызском языке и состоит из введения, двух глав, заключения, списка использованной литературы и источников, а также списков информаторов.

S U MMA RY

RYSKUL JOLDOSHOV

«Significance of Genealogical Legends in the Study of the Kyrghyz People's Ethnical History»

Speciality: 07.00.02. — History of Kyrghyzstan 07.00.07. — Ethnology

Synopsis of Thesis for the Acquisition of Scientific Degree of the Kandidat of Historical Sciences (Scientific Supervisor: Dr. of History, Prof: Omurkul Karaev). —Bishkek, 1999, 18 p.

This work is dedicated to the study of the ethnical history of the Kyrghyz people based on genealogical legends. The author has exposed legends of the Kyrghyz people's genesis to the thorough analysis, has revealed their significance as the historical and ethnographical source for the study of the Kyrghyz people's ethnogenesis. By means of the information, contained in the genealogical legends, there have been investigated the ethnogenetic relations of the ^Kyrghyz people with Turks-nomads, inhabiting in Central Asia in the Middle Ages, especially with the ancient Kyrghyz tribes.

The dissertation has been written in the Kyrghyz language and consists of Introduction, two Chapters, Conclusion, List of the Used Literature and Sources, as well as Informants'Lists.